КР УКМК: Матраимовдор боюнча

2024-жылдын 25-мартында КР УКМК Азербайжан Республикасынын атайын кызматтары менен биргеликте Баку шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Р.Матраимов менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду кармаган. Учурда Р.Матраимовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана 222-беренеси “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.
Бир тууган Матраимовдордун кармалышы боюнча интернет жана социалдык тармактардын кыргыз сегментинде деструктивдүү адамдар жана фейк аккаунттар тарабынан алардын кылмыштуу ишин актоо боюнча жалган маалыматтарды жайылтуу фактылары байкалууда. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн имиджине, прогрессивдүү өнүгүшүнө жана туруктуулугуна коркунуч алып келет.
Мындан улам, КР УКМК интернет тармагынын колдонуучуларын бул факт боюнча чагымчыл инсинуацияларды жайылтуудан алыс болууга чакырат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келиши мүмкүн болгон аракеттер үчүн кылмыш жана башка жоопкерчиликтер каралганын эскертет!

Related posts

Кыргызстан менен Таиланддын беттеши. «Оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок» дейт Таркович

admin

Сузак районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

admin

Шакиев: “Жер көчкү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин тездетүү зарыл”

admin

Комментарий