29-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-мартта түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүн биринчи жарымында Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаан жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18.

Бишкекте 29-мартка караган түнү жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.

Related posts

Жаңы Зеландиянын аэропорту үч мүнөттөн ашык кучакташууга тыюу салды

admin

Жазуучу Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы каралат

admin

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде «Жаш манасчы» айкели орнотулду

admin

Комментарий