Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында катуу шамалдан жабыркаган №62 мектептин аймагындагы кырдаалды жоюу боюнча штабдын көчмө жыйыны өттү.

Мэриянын маалыматына караганда, борбор калаа башчысы «Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларга баа берүүнүн критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомго ылайык өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул жарлыкка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан учурда өзгөчө кырдаал режими киргизилет.

Бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү.

Бишкек шаарынын мэри бардык жеткиликтүү коммуналдык кызматтарды жана атайын техниканы колдонууну тапшырды. Шаарды эртең таңга чейин иретке келтирүү зарыл.

Related posts

12 миңден ашуун маданият кызматкери аттестация тапшырат

admin

УКМК: Сузактын Кызыл-Туу айыл аймагында жер тилкелери мыйзамсыз сатылган 

admin

Жалал-Абад шаарында кыздарды сойкулукка тарткан жаран кармалды

admin

Комментарий