УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 3-апрелде Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжине барган.
«Ушул спорт мектебибиз криминалдын да уюгу болуп келген. Биз муну айтып өтүшүбүз керек жана кайра кайтпашыбыз керек. Ушул жерден чыккан спортчулар кайсы бир маалда криминалдарга берилип кетишкен. Бул жерден атактуу криминалдар чыккан. Алардын атын атабай эле коеюн. Ошондой болбош үчүн мамлекет силерге көңүлүн бурду. Мамлекет керектүү нерселер менен камсыздайт»,- деди ал.