Бишкекте Тойота Харриер унаасын уурдап качкан кыз кармалды

7-апрелде саат 8:45 чамасында Бишкектин кең Чүй көчөсүндө жайгашкан ЖЭБдин (ТЭЦ) алдында токтоп турган Тойота Харриер үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар айдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын аймагында “Тосмо” иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган О.Ж. аттуу айдоочу кыз мас абалында унааны айдап бара жаткан жеринен кармалган. Азыркы учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Свердлов райондук ИИБнин Тергөө кызматына жеткирилди.

Related posts

Лейлекте унаа сатып алган жаран акчасын бербей из жашырган

admin

АКШ Киевге аскердик жардамын токтотту

admin

Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиадага жолдомо жеңди

admin

Комментарий