“Чайхана чатагы”. Бишкекте бейбаштык кылган топ кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

7-апрелде Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаран арыз менен кайрылып, Р.С., А.М., Э.Т., Н.П., С.Т., Н.А. аттуу жарандарга карата чара көрүүнү суранган, себеби алар 6-апрелде коомдук тамактануучу жайларынын биринде уруп-согуп денесине залал келтирип, узак убакытка мыйзамсыз кармап турушканын билдирген.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда жогоруда аталган кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С. М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Соцтармакта акыркы күндөрү “Чайхана чатагы” деп атыккан чуу талкуу болуп жаткан.

Related posts

Сосновка постунда да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

admin

Айгерим Расул кызы «Дүйнө айымы» аталды

admin

Садыр Жапаров в рамках госвизита прибыл в Цзинань

admin

Комментарий