«Күч органдары жашыруун камераны «колхозчо» коймок эмес». Садыр Жапаров чайханада табылган камера боюнча үн катты

Буга чейин Азамат Марипов аттуу өзүн мекенчил атаган жаран Фейсбукта түз эфирге чыгып, аларды «подстава» кылганы жатканын, алар чогулуучу чайханага камера орнотушканы, камераны койгон киши президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди коштоп жүргөндөрдүн бирине окшош экенин айткан.

Президент Садыр Жапаров бул окуя боюнча журналисттин «Бул кармоо менен жакында эле алар ооз ачарга барып анан жашыруун камера, тыңшоочу аппаратура таап алышы менен байланышы барбы? Ал жерге камера орнотуп жаткандардын беттери көрүнүп калган тасма тарап, бийлик атайы камера коюп, мекенчилдерге каршы иштеп атат деп чыгышты. Андагылардын бири Каныбек Туманбаевди коштоп жүргөндөрдүн бирине окшош экени айтылууда?» дегенине жооп берди.

«Так кесе айта алам. Ал камерага бийликтин жана күч органдарынын таптакыр тиешеси жок. Күч органдары койсо антип “колхозчо” коймок эмес. Күч органдары койгон камераны таап алыш мүмкүн да эмес. Бул маселе териштирилет», — деди ал.

Related posts

КР УКМК: Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган КР УКМК Төрагасынын кубогу үчүн спорттук мелдеш жыйынтыкталды

admin

Ысык-Көлдө кыш чыгаруучу заводдун курулушу каржыланды

admin

Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду

admin

Комментарий