«Жугунду куйбайт». Ички иштер министри эмне үчүн 11 журналистти кармаганын айтты

Ички иштер министри Улан Ниязбеков «Кабар» агенттигине кармалып, айрымдары үй камагына чыккан журналисттер боюнча суроолорго жооп берди.

— Журналисттердин кармалышында кандайдыр бир саясий себептер барбы? Бийликке, анын ичинде сизге карата сын-пикир айтканы үчүн камалышты деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

— Эч кандай саясий себептер жок. Биз журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой беришсе, анан камайбыз да. Жалган жалааларды жаап, калп маалыматтарды таратып коюп, эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп олтура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп атпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок.

Ошол эле Европа, АКШда журналисттер жалган же такталбаган маалыматтарды таратпайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куйбайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куюп же бийликтин ишмердиги жөнүндө жалган маалымат таратып көрсүнчү, аларды сотко берип олчойгон компенсация төлөтүп алат же камашат. Бизде деле ошол Европа, АКШдагыдай тартип орнош керек. Мейли бизди, бийликти сындашсын ага эч кандай тыюу жок. Бизде сөз эркиндиги бар жана боло берет. Болгон талабыбыз далилдерди топтоп алып же маалыматтарды абдан тактап алып анан элге чыгарышпайбы. Бийлик минтип салды, министрлик тигинтип салды деп жалган маалыматтарды дүңгүрөтүп салышып элди көтөрүлүшкө чакырык жасап атышса анан камайбыз да.

Related posts

КР УКМК: Баасы 5 млн. АКШ долларын түзгөн «Лагуна Сити» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

12-13-октябрь күндөрү Бишкектеги студенттер да онлайн окушат

admin

УКМК: Сокулук районундагы «Аю» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Комментарий