Лейлекте милиция 76 жаштагы аялдын жоготкон акчасын таап берди

Лейлек милициясы 76 жаштагы эненин жоготкон акчасын таап берди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

10-апрель Орозо айт күнү Лейлек районунун Катраң айылынын 76 жаштагы тургуну Назакат Максутова Раззаков шаарындагы базарда кол сумкасындагы 10 миң рубль жана 3  миң сомун жоготуп коюп, 11-апрель күнү базарда кызмат өтөгөн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө кайрылат.

Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү ошол замат иликтөө иштерин жүргүзүп, эненин жоголгон сумкасын акчасы менен кошо таап берип ыраазычылыгын алды.

Related posts

В Бишкеке с 18 июля на ремонт закроют отрезок проспекта Чуй

admin

Самыми популярными именами в Кыргызстане в 2022 году стали: Мухаммад и Салиха

admin

В Оше ГКНБ задержал сотрудников ГУ «Кызмат», подозреваемых в получении взяток за легализацию иностранцев

admin

Комментарий