Кочкор районунун Комсомол айылынын имамы Калманбетов Сүйөркул ажыга жаштар унаа белек кылышты – ВИДЕО

Нарын облусунун Кочкор районундагы Комсомол айылынын имамы Калманбетов Суйөркул ажыга айылдын жаштары машина белек кылышты. Бул тууралуу аталган айылдын жаштары билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Калманбетов Сүйөркул ажы  22 жылдан бери имамдык милдетти аткарып келет.  Ал Комсомол айылынан Октябрь революциясынан кийин биринчи Ажылык сапарга барган.

Ажылыкка барып келгенден кийин мечит салуу демилгесин баштап, Комсомол айылына мечит салууга чоң салымын кошкон.

Айыл элиндеги жамандык-жакшылыктардын баардыгындагы иш чараларга активдүү катышып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Сүйөркул ажыга эли ыраазычылыгын билдирип, 22 жыл эмгеги үчүн рахматын айтышты.

Комсомол айылынын имамы  Калманбетов Сүйөркул  ажыга 1978-жылдан 2000-жылга чейин туулган айыл тургундарынын демилгеси менен алдына унаа миңгизилип, имамдык ишине ыраазычылык билдирүү менен куттуктоолор айтылды.

Унаа белек кылган жаштардын активисти Эрлан Касымбеков:

– Сүйөркул ажы айылдын жаманын жашырып, жакшылыгын  жайылтып, ак эмгегин өтөп келе жатат.  Башка жактагылар айылдагы имамга сый урмат көрсөтүп Умрага жөнөтүп, белек берип жатышат. Биздин имамыбыз Ажылыкка барып келген, ошондуктан  жаштар өзүбүзчө сүйлөшүп, унаа белек берүүнү  чечтик. Бир айылдын элин кандай экенин билиш, ошол имамдын жашоо шартын көрүп айтса болот дегендей, имамды айыл эли багыш керек. Бул ажыбыздын эмгегин эл билет. Акчаны берип койгон жеңил, бирок артында канча эмгек турганын  билишибиз керек, – деди Эрлан мырза. Унаа менен бирге ажыга кыл куйруктун акчасын да санап беришти.

PROMOTED CONTENT

Эти 7 знаков зодиака станут самыми успешными в 2024 году

Zestradar

Ученые ошарашены! Смотри, что нашли на одном из пляжей Англии

Zestradar

Не поверите, вот как выглядит жена самого красивого араба в мире

Herbeauty

Помните эту красавицу-графиню? Посмотрите на нее сейчас (фото)

Herbeauty

https://www.facebook.com/plugins/like.php?href=https://abal.kg/?p=168077&layout=button_count&show_faces=false&width=105&action=like&colorscheme=light&height=21

ТЕКТЕШ МАТЕРИАЛДАРАВТОРДУК МАТЕРИАЛ

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Ислам аман-эсен табылды

Ысык-Көлдө Корумду — Балбай баатыр жолун реконструкциялоо башталды

Министрликтерде иштегендердин балдары үчүн “Бөбөктай” өнүктүрүү борборлору ачылат

УКМК: Сокулук районундагы мунапысдагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу менен алектенген “Жер мафиясынын” мүчөсү кармалды

Түндө Бишкектеги жоогазындарды үзүп кетишти

Кыргызстанда кызамык менен ооругандар 7,8 миңден ашты

Байланыш +996555373502

    

© 

Related posts

Now, More Than Ever, You Need To Find A Good Travel Agent

admin

iPhone 8 Leak Reiterates Apple’s Biggest Gamble

admin

Staples Has Discounted The iPad Mini 4 By $100

admin

Комментарий