Чүйдө сабалган тергөөчү. 3 шектүү кармалды

Адвокат Шердор Абдыкапаров милиция кызматкери сабалганын айтып, окуя тууралуу айтып берген. Чүй ОИИБ маалымат таратып, шектүүлөр кармалганын билдирди.

14-апрелде саат 04:00 чамасында 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз адамдар Кант шаарындагы 24-базардын жанында 1991-жылы туулган милиция кызматкерин сабап кетишкен. Жабырлануучу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты катталып, 280-берене (бейбаштык) менен кылмыш иш козголду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жабырлануучу 1991-жылы туулган жаран Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү экени аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталган. Алар 1989, 1991 жана 1989-жылы туулган жарандар болгон. Кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.

Related posts

Суучул Денис Петрашов АКШнын ачык чемпиондугунда алтын алды

admin

Жапаров Түркиядагы адам өмүрүн алган зилзаладан улам Эрдоганга көңүл айтты 

admin

Кремль Путиндин жүрөк оорусу тууралуу айтылып жаткан суроолорго жооп берди

admin

Комментарий