Актёр Чыңгыз Мамаев толук акталды

Актёр Чыңгыз Мамаев соттун чечими менен акталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков билдирди.

«Бүгүн актёр Чыңгыз Мамаев толук акталды. Акыры адилеттүүлүккө жеттик»,- деп жазды ал. 

  • Өткөн жылдын апрель айында актёр Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча шектүү катары кармалган болчу. Декабрь айында Бишкектин Свердлов райондук соту актёрго карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн жөнөткөн. Кийин Чыңгыз Мамаев президент Садыр Жапаровго «сот адилеттүү болот деп ишенгем, бирок сабырым түгөндү» деп кат жолдогон эле. 11-январда ал үй камагына чыгарылган. 

Related posts

Баткен жана Лейлек райондорунда ок атышуу уланууда (Видео)

admin

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө алышат 

admin

20-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий