«Кызматта отура берем деген болбойт». Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылды

«Элдин маселесин чечкиле, болбосо кызматтан кеткиле!»Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик башчыларына эскертти.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү: айыл өкмөт, аким, губернаторлукта иштегендер — ар бириңер кызматыңарга жооп беришиңер кажет. Мурдагыдай жөн эле отура берем же жеке кызыкчылыгымды чечем деген максаттан алыс болушуңар керек. Берилгендик менен мамлекетке кызмат кылгыла. Убакыт тез өтүп жатат. Садыр Жапаровдун командасынын келгенине 3,5 жыл болду. Карапайым элдин маселесин чечүүгө өтүү керек. 

Жергиликтүү бийликтин жакшы иштебей жатканынан элдин нааразычылыгы жаралууда. Орто жана ылдыйкы деңгээлдеги аткаминерлер иштебей жатасыңар. Иштебесеңер, ордуңарды бошоткула», — деди төрага.

Related posts

Түркиянын президенти кыргызстандык куткаруучуга мамлекеттик сыйлык тапшырды  

admin

Баткендеги курулуш иштери боюнча президент жооп берди

admin

УКМК: Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев коррупцияга шектелип кармалды – ФОТО 

admin

Комментарий