TikTok Кыргызстандын аймагында иштебей калдыбы?

Соцтармак колдонуучулары TikTok Кыргызстандын аймагында иштебей калганын жазышууда.

TikTok көпчүлүк колдонуучуларда ачылбай жатат же жаңыланбай жатканын айтышууда.

Кечээ, 17-апрелде Санариптик өнүктүрүү министрлиги ТикТокту бөгөттөө боюнча байланыш операторлоруна кат жөнөткөнүн тастыктаган.

Министрдин кеңешчиси Мээрим Искакованын айтымында, буга УКМКнын каты себеп болгон. «ТикТок Кыргызстандын «Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар» мыйзамын сактабай жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ «КЫРГЫЗИНДУСТРИЯ» ААКнын ИШКАНАЛАРЫН КЫДЫРДЫ

admin

Токтогулда «Якын-Инкар» уюмунун 9 мүчөсү андан баш тартты

admin

Атамбаев Жээнбековдун атасын куугунтуктаса, уулу аны аны колдоду

admin

Комментарий