Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды.
21-апрелде ал Бишкекте өткөн Азиянын лицензиялык турниринде беттешти. Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 67 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Исмаилов Олимпиадалык лицензия үчүн күрөштө кытайлык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңди.