25-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19… +24,

Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +16…+21,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 13…+18.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +21…+23 градус болот.

Related posts

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдоого шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын жооптуу өкүлү кармалды

admin

Шайлообек Атазов “Сорос” фонду баштаган бейөкмөт уюмдарга нааразычылыгын билдирип жаткан патриотторго ыраазычылыгын билдирди 

admin

Ош облусунда бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду 

admin

Комментарий