Чүйдө 9-класстын окуучусу өзүнөн кичүүлөрдү сабап, акча талап кылып жүргөн

Чүй облусунда мектеп рэкетчилигине каршы күрөшүү иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

21-апрелде Кемин РИИБге А.Казакбаев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу ошол эле мектептин 8-классынын окуучуларынан системалуу түрдө уруп-сабап, опузалап акча талап кылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган факты Кемин РИИБге катталып, 208-беренеде көрсөтүлгөн (опузалап талап кылуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2008-жылы туулган окуучунун өзүнөн кичүү балдардан опузалап акча талап кылган фактысы тастыкталып, ага байланыштуу кармалып, райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген жана Кемин райондук соту тарабынан ага карата баш коргоо чарасы тандалат. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Мишустин: ЕАЭБ өзүн эффективдүү интеграциялык долбоор катары көрсөтө алды

admin

Баткенде 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү

admin

Ошто изделип жаткан 81 жаштагы карыянын жансыз денеси табылган

admin

Комментарий