Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды

Бишкек – Ош унаа жолунун 441-чакырымына түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Жол №38 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тарабынан тазаланып, каттам ачылды.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 13:30 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 441-чакырымында жолго таш кулап, жол убактылуу жабылган.

Related posts

УКМК: Республикалык психиатрия жана наркология борборунда коррупциялык схема аныкталды

admin

Аброр Хакимов Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду

admin

Таштандыдан ымыркайды таап алган Пакистандык окуучу сыйланды

admin

Комментарий