Кызгалдактуу талаалар! Бишкектин четинде сүрөткө түшүү сезону башталды

Социалдык тармакта сүрөтчүлөр Николай Ачкасов жана Николай Гладков Бишкектин четиндеги адырлар жана талааларда кыпкызыл кызгалдактар гүлдөгөн сүрөт жана видеолорду жарыялады.

Эгерде бул көрүнүшкө сиз дагы күбө болгуңуз келип, бул көз ирмемди эстеликке тартып алгыңыз келсе, анда Ленин айылынын түндүк-батыш жагына барсаңыз болот. Ал жакка Гроздь айылы жагы менен да барууга мүмкүн.

Кызгалдак – апийимдер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир жылдык, кирпиктей түктүү чөп. Сабагынын бийиктиги 30-50 сантиметр, жалбырактары кезектешип жайгашкан. Гүлү сабактын учунда бирден жайгашкан. Кыргызстанда жол боюнда, тоо этегиндеги кургак боз дөңдө, айдоодо өсөт. Кооздук үчүн гүлзарларда өстүрсө болот.

Related posts

Кыргызстанда эт азыктарынын сапаты  QR-код аркылуу текшерилет

admin

2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 килограмм алтын өндүрүлдү 

admin

Акылбек Жапаров Токиодогу кыргыз продукциясы сунушталган көргөзмөгө барды

admin

Комментарий