ТИМ: «Жүйөлүү себеп болбосо, Кыргыз жарандарына Орусияга барбай туруу сунушталат»

Кыргыз жарандарына массалык түрдө Орусияга кирүүдөн баш тартып жаткандыгы тууралуу маалымат массалык маалымат каражаттарында жарыяланганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирүү  таратты.

2-майга карата Кыргыз жарандарына Орусияга кирүүдөн массалык түрдө баш тартуу учурлары боюнча сигналдар Кыргыз Республикасынын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемелерине келип түшкөн эмес. Ошол эле учурда министрлик жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Орусиядагы учурдагы кырдаалга жана анын Кыргыз жарандарынын укуктук абалына тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүүдө.

Ошону менен бирге министрлик Орусияга барууга жүйөлүү негиздери жок мекендештерге мурда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну, ал эми Орусияга баруу керек болсо, алдын ала бул өлкөгө кирүүгө чектөө бар же жок экендигин текшерүүнү дагы бир жолу сунуштайт.

Күтүүсүз кырдаал жаралган же шашылыш суроолор пайда болгон учурда Кыргыз жарандары Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине: +7 925 115 50 47, ошондой эле министрликтин Консулдук департаментине: +996 999 312 002 ыкчам байланыш телефондору аркылуу кайрылуусу керек.

Related posts

КР УКМК «Ден соолук үчүн бирге» коомдук фондунун «Нур+» реабилитациялык борборундагы балдарды жаңы-жылы менен куттуктады

admin

Президенттин маалымат катчысы шылуундар анын атын жамынып жатканын айтты

admin

Садыр Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алды

admin

Комментарий