Токтогулда «капитан» кармалды. Ал мал уурдоого шектелүүдө

25-апрелден 3-майга чейинки аралыкта Токтогул районунун аймагында 5 факты мал уурулук учурлары орун алып, ал боюнча топтолгон материалдар катталып, тергөө кызматы тарабынан мал уурулук беренесинин негизинде кылмыш иштери козголуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.

Тергөөнүн жүрүшүндө жалпысынан бул мал уурулук фактыларынын натыйжасында 5 баш уй, 1 баш жылкы уурдалып, жабырлануучуларга 300 миӊ сомдук материалдык чыгым келтирилгендиги такталган. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Токтогул районунун Өзгөрүш айылынан өзүн “Бишкек шаарынын 1-Май райондук милициясында иштейм” деп элдин ишеничине кирип, милициянын формасын кийип жана ок атуучу куралы менен жүргөн жеринен шектүү катары Токтогул районунун 1994-жылы туулган тургуну А.У. кармалып тергөө кызматына камсыздалган. Кылмыш ишинин алкагында 4-майда кармалып, убактылуу кармалуучу жайга киргизилген. Бүгүн, 6-майда анын баш коргоо чарасы Токтогул райондук соту тарабынан каралып, 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалды. Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Related posts

Актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты 

admin

 Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат

admin

ИИМ: Оштогу киши өлтүрүү жана ур-токмокко алуу эки кылмыштуу топтун арасында болгон»

admin

Комментарий