Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт — 10-майга карата аба ырайы

Кыргызстанда 10-майга карата аба ырайы.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо кар жаайт. калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. .

Бийик тоолуу автожолдордо кар күрткүсү жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +13…+18

күндүз +20…+25

Талас району

түнкүсүн +9…+14

күндүз +17…+22

Баткен областы

түнкүсүн +13…+18

күндүз +21…+26

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +13…+18

күндүз +21…+26

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +9…+14

күндүз +20…+25

Нарын областы

түнкүсүн +6…+11

күндүз +21…+26

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болот.

Related posts

 20-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов шашылыш Кыргызстандан чыгып кетишкен

admin

Жарасул Абдураимов «Кыргыз Республикасынын Өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланды

admin

Комментарий