Сулуулук салонунун алдында зомбулук көргөн аял. Милиция тарабынан 23 жаштагы эркек киши кармалды

12-майда соцтармакта бир эркек адамдын аял адамга карата зомбулук көрсөтүп жаткан видеосу тараган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул окуя Ош шаарындагы «Арча» сулуулук салонунун алдында 11-майга караган түнү саат 02:00 чамасында болгондугу такталды.

Бул видеодогу окуя боюнча мурда эч ким арыз менен милицияга кайрылган эмес. Бирок жарыяланган видео боюнча «үй-бүлөлүк зомбулук» катары катталып, тергөө иштерин Ош ШИИБнын жетекчилиги көзөмөлгө алды. Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында бул окуяга тиешеси бар адамдар аныкталды. Бүгүн саат 16:00 чамасында ыкчам кызматкерлер тарабынан аялга карата зомбулук көрсөтүп жаткан 2001-жылы туулган эркек кармалды. Тергөөгө камсыз болду. Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда жаңжал кызганычтан чыккан.

Related posts

Жо Байден менен жубайы Садыр Жапаровду коноктоду

admin

Татарстанда дрондордун кол салуусунан улам жаракат алган кыргызстандыктын абалы айтылды

admin

Кумтөрдө жыл башынан бери 2,5 тонна алтын өндүрүлгөн

admin

Комментарий