Игорь Чудинов кызматтан алынды

Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов маалымдады.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарды. Ошону менен бирге, энергетика министрине аталган чечимди кабыл алууда мамлекет башчысына тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилди. Энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Related posts

Бишкекте каракчылыкка шектелип эки жигит кармалды

admin

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болуп жаткан жигитти 300 киши издеп жүрөт

admin

Депутат Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганы маалымдалууда

admin

Комментарий