16-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-майда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +23…+28,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17, күндүз +24…+26 градус болот.

Related posts

«Ала-Тоо» аянтына 40 эмес 39 нуру бар желек илингенби? Дайырбек Орунбеков жооп берди

admin

Индонезияда питон аялды бүкүлү бойдон жутту

admin

Жаан — чачын күтүлбөйт. 8-августка карата аба- ырайы

admin

Комментарий