«Манас» аэропортуна биринчи Инчхон-Бишкек-Загреб багыты боюнча транзиттик каттам аткарылды

16-майдан баштап T’way Airlines авиакомпаниясы Инчхондон (Түштүк Кореяга) Загреб шаарына (Хорватияга) багыт алып – «Манас» эл аралык аэропортуна жүргүнчүлөрү менен транзиттик каттам аткарды.

Ага ылайык T’way Airlines авиакомпаниясы аэропортко конуп учакты май менен камсыздады. T’way Airlines транзиттик каттамдары жумасына үч жолу аткарылат. «Манас» аэропортунда май куюу учурунда 350 жүргүнчү кафелердин, дүкөндөрдүн кызматтарынан жана «Манас» аэропортунун башка артыкчылыктарынан пайдаланып, терминалдын ыңгайлуу шарттарында эки саатка чейин убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Related posts

Бишкектеги элчиликтин алдында шайлоочулардын кезеги пайда болду

admin

19-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Камчыбек Ташиев: Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш улантылат

admin

Комментарий