КР УКМК: Майнинг-фермалардын мыйзамсыз иштери аныкталды

УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын жоюу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы майнинг-фермалардын (криптовалютаны өндүрүү) мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык жабдуу аныкталып, алынды.
Аталган майнинг-фермалардын ээлери Кыргызстандын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган.
Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын бардык көлөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкка берүү пландалууда.

Related posts

КР УКМК КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте Ош шаардык сотунун судьясын жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкерин кармады

admin

Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагимдин сүйлөшүүлөрү болуп өттү

admin

Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөйт

admin

Комментарий