21-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас, Ош, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус жылыйт.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнү 8…10°, күндүз 20…22° жылуу болот.

Related posts

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төлөнүүчү компенсация көбөйтүлдү

mediaportalk

Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

mediaportalk

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин инисин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат (сүрөт)

mediaportalk

Комментарий