Бишкекке Пакистандын тышкы иштер министри келип, ооруканага барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Пакистандын вице-премьери, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту.

Алар Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга чогуу барышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн түз жана туруктуу өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар салттуу достук кыргыз-пакистан мамилелерине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти. Маектешкендер пикир алмашып, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдарды белгилешти. Тараптар ошондой эле эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүштү.

Related posts

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт — 2-мартка карата аба ырайы

admin

КР УКМК: Нарын облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коррупциялык кылмыштар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчилик эскертилди

admin

16-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий