Бүгүн Ошто жайгашкан «Кудайберди» базарындагы бардык тамактануучу жайлар жабылат

Бүгүн, 22-майдан тартып «Кудайберди» унаа тетиктер базарындагы бардык тамактануучу жана соода жайлары санитардык эпидемиологиялык талаптарды аткаруу үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгындагы, анын ичинде «Кудайберди» унаа тетиктер базарындагы коомдук тамактануучу жайлардын жана соода түйүндөрдүн абалын көзөмөлгө алып, шаардагы 23 ири коомдук тамактануучу жайларда рейд жүргүзүштү жана рейд уланууда. Аталган соода жайга карата буга чейин жарандардан бир нече жолу даттануулар келип түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында базардын администрациясына коомдук тамактануучу жайларында, соода түйүндөрүндө зарыл болгон санитардык тазалоону жүргүзүп бүткөнгө, талаптарга ылайык иретке келтирилгенге чейин убактылуу ишмердүүлүгүн токтотуу, аталган жайларда эмгектенген кызматкерлерди санитардык китепчеси менен камсыз кылуу боюнча эскертилди.

Рейддер Министрлер кабинетинин жана Ош мэриясынын протоколдук тапшырмасынын негизинде жарандардын тамак-аштан уулануусун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Related posts

Кыргызгидромет 11-декабрга карата аба ырайынын болжолун жарыялады.

admin

Кадамжайда сел агызып кеткен унаанын айдоочусу куткарылды

admin

Жамгыр жаап, үшүк жүрөт — 24-сентябрга аба ырайынын божомолу

admin

Комментарий