1-июлдан тарта пенсия жогорулайт. Эң аз алганы 6800 сом болот

1-июлдан тарта пенсия жогорулайт. Эң аз алганы 6800 сом болот. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып айтты.

«Жарандарыбыз жашы улгайып, кутман куракка келген кезде жакырчылыкка туш болуп, ар бир тыйынды санап, баарын үнөмдөөгө аргасыз болгондо өзгөчө бизди кыжырданткан абалга кептелет. Пенсия курагында татыктуу өмүр сүрүүгө каражаты жол бербей турганы – бул акыйкатсыздыктын акыйкатсыздыгы десек да туура болот. Так ушул себептен 2021-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда, пенсия менен жөлөк пулдар жашоо шартын камсыздандыруу минимумунан кем болбошу керек деген пунктту киргизгенбиз.

Ушул жылдын 1-октябрынан тартып Социалдык фонд тарабынан дайындалган бардык пенсиялар 6800 сомдон кем эмес өлчөмдө болоорун сиздерге чоң кубаныч менен жарыялай кетейин. Мен бул мөөнөттү тездетүүнү өтүндүм. Кудай буюрса, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлдан башталат. 

Бул багыттагы иштерди улантабыз. Социалдык төлөмдөрүбүз менен жөлөк пулдарыбыз да жашоо минимумунан жогору турган чекке тез арада жеткирүү үчүн талыкпай иштейбиз. Ооба, албетте, буга бир нече жылдар керек, ошентсе да бул максатка сөзсүз жетебиз!» деди президент.

Related posts

Сузактагы кырсык. Жерге-Тал айылынын мугалимдерине психологиялык, медициналык жардам көрсөтүлдү

admin

УКМК: Панфилов атындагы сейил багындагы “Тай Брейк” теннис аянтчасы жайгашкан жер тилке мамлекетке кайтарылды

admin

Депутаттар аймактардагы айрым көйгөйлөргө токтолушту 

admin

Комментарий