Өлкөдө түнү жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-майда түнкү саат 3:39да өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында 2,5 баллга чейин сезилген (Миң-Куш айылынан 11 чакырым түштүк чыгышта, Ак-Булак айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Кош-Булак айылынан 18 чакырым түндүк батышта жайгашкан). Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

Бишкек мэриясында Ататүрк паркы маселеси боюнча жыйын өттү

admin

«40 миллион сомдон ашык зыян келтирген». Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалды 

admin

Депутат Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганы маалымдалууда

admin

Комментарий