Борбор калаанын жолдорун оңдоо. Кайсы көчөлөр жабылды?

Бишкек шаарында айрым борбордук көчөлөр капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Алсак, Байтик Баатыр көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин жана Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Жукеев Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот. Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү Ч.Айтматов проспектисинен А.Токомбаев көчөсүнө чейинки тилке капиталдык оңдоо иштерине жабылды.

Мындан тышкары, оңдоо иштерине байланыштуу жолдордун төмөнкү тилкелери жарым-жартылай тосулган:

— Манас айылы көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен Кырман көчөсүнө чейин;

— Коңорчок көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

— Матросов көчөсү Кулатов көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейин;

— Көкчө тоо чолок көчөсү Щербаков көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин;

— Нарвская көчөсү Профсоюз көчөнөн Бородин көчөсүнө чейин;

— Февраль көчөсү 8-март көчөсүнөн Коллектив көчөсүнө чейин;

— Керамическая көчөсү Аул көчөсүнөн мечитке чейин;

— 9-кичи району, түндүк тарабы 3б, 5б Саманчин көчөсүнөн Б.Баатыр көчөсүнө чейин;

— Исаков көчөсү Ташкент көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;

— Эркиндик бульвары Жибек-Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин;

— Ахунбаев көчөсү Шабдан Баатыр көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин.

Related posts

КР УКМК: Жети-Өгүз районундагы кайтарылган объекттер жөнүндө

admin

Садыр Жапаров балбан кыздарды жеңиштери менен куттуктады 

admin

«Унаанын» көптөгөн бөлүмдөрүндө иш процесси үзгүлтүккө учурап жатат, — ИИМ

admin

Комментарий