УКМК: “Аксы районунун кримавторитети” делген адам кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

КР УКМКнын дарегине 1967-жылы туулган Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну, өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн, мурда бир нече жолу соттолгон (каракчылык жана опузалоо) К.Р.К аттуу жаран, 2023-жылдын октябрында биргелешкен бизнес жүргүзүү шылтоосу менен ишкерлердин ишенимине кирип, алардын 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражатын ээлеп алгандыгы боюнча  ишкерлерден кайрылуулар келип түшкөн.

Ошол эле учурда, аталган жаран өнөктөштөрдүн кенде көмүрдү биргелешип өндүрүү жана сатуу боюнча мурда кабыл алынган милдеттенмелерин эртерээк аткаруу өтүнүчүнө жооп кылып, физикалык күч колдонуу менен коркуткан.

2024-жылдын 22-майында кылмыш ишинин алкагында К.Р.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалган жарандын Жалал-Абад облусунда ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Соңку бир аптада 23 миңдей жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

admin

Өмүрбек Текебаев Варшавада аны 18 жыл мурун абактан бошоткон судья менен жолукканын жазды

admin

Мигранттарды Европага мыйзамсыз ташуу менен алектенген чет элдик жаран кармалды

admin

Комментарий