Ноокатта 30 миң сом пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды

Ноокат РИИБнин тергөөчүсү, 1998-жылы туулган Т.У.Т. аттуу милициянын улук лейтенанты тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө арыз ээсине каршы чечим чыгарганы үчүн 30 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталды.

25-майда көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган тергөөчү иш бөлмөсүндө 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, тийиштүү далилдерди жок кылууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Тинтүү учурунда көрсөтүлгөн акча каражаттары табылды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кармалган адам эсин жоготкондуктан, окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ал Ноокат райондук ооруканасына жаткырылды, учурда абалы туруктуу. Медициналык текшерүүнүн жана дарылоонун жыйынтыгы менен шектүүнү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камоо маселеси каралат. Учурда тергөө иштери уланып, аталган кылмышка башка кызматкерлердин катыштыгы аныкталууда.

28-мартта УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны Т.К.Х да 40 миң сом өлчөмүндө пара алуу учурунда кармалган. Бул иш боюнча тергөө иштери аяктап, сот органдары тарабынан каралып жатат.

Related posts

Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Прокурор шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну сурады

admin

Бишкекте 12 бала бакча курулат 

admin

Жолдо ваннада жатып алып, шарап ичкен казак блогерин 15 суткага камашты

admin

Комментарий