Ак-Кула ипподрому кайрадан аукционго коюлду

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти «Ак-Кула» мүлк комплексин аукционго коюуда.

Мүлк комплекси 33 лотко бөлүнгөн. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды. Биринчи аукцион 16-майда саат 10:00дө өтүшү керек болчу, арыздын жоктугуна байланыштуу бул аукцион өткөн эмес. Ошондой эле, 16-май күнү Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайларды долбоорлоо жана куруу үчүн 0,93 га жер тилкесин ижарага берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүлүп, аукционго 6 арыз ээси катышты. Жылына 5 миллион сом баштапкы ижара акысы менен сунушталган жер тилкеси жеңүүчүгө белгиленген жылдык ижара акысы 32 миллион сом менен берилген. Ошентип, учурда муниципалитет менен ата мекендик ишкерлердин ортосунда ачык-айкын, өз ара пайдалуу кызматташуу түзүлдү.

Related posts

Түркиядагы жер титирөө. Руслан Казакбаев элчилик чогулткан акчаны берди

admin

Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө 8 автоунаа алып келүү аракети токтотулду

admin

UFC чемпиону Валентина Шевченко кытайлык Вейли Чжан же бразилиялык Аманда Нуньес менен беттешүүнү каалап жатканын айтты 

admin

Комментарий