Бишкек шаарынын ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр

Бишкек шаарынын ЖЭБи мэрия буйрутмасы менен белгилеген мөөнөттө Бишкек шаарынын тургундарын ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук жана турбиналык жабдууларды ишке киргизүүгө даяр. Бул тууралуу энергетика министрлигинен маалымдашты.

Учурда ысык суу берүү үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Ошентип, Бишкек шаарынын ЖЭБинде ысык суу өчүрүлгөн учурдан тартып кыска мөөнөттүн ичинде төмөнкүдөй иштер аткарылды:
Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө берилүүчу ысык сууну жылытуучу жана сордурууучу жабдууларды күйгүзүүгө жана өчүрүүгө тийиштүү тээктер оңдолду;
Бишкек шаарында түтүктөрдөгү жылчыктар жоюлду;

буу менен суунун агып чыгышына жол бербөөчү пломбалык материал алмаштырылды;

түтүктөрдүн мөөнөтү өтүп, жараксыз абалга келген участоктору алмаштырылды;

жылчыксыздыгын (герметика) жоготкон жапкычтар алмаштырылды;

Станциянын жылуулук тармактарынын задвижкаларын оңдоо иштери жүргүзүлдү

Оңдоо иштеринин сапатын тастыктаган гидравликалык сыноо жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын ЖЭБи «КУЭТ» ААКтын жана «Электр станциялары» ААКтын тиешелүү кызматтары тарабынан белгиленген жүктөө графиги боюнча «Бишкек жылуулук тармактары» тарабынан тапшырылган жылуулук жүктөмүн берүү менен иштейт.

Related posts

Кар жаабайт. Кыргызстанда 2-январга карата күтүлгөн аба ырайы 

admin

15-16-май күндөрү Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

admin

 Арстан Алай 15-январга чейин камакта калтырылды

admin

Комментарий