Бүгүн, 3-июнда планеталардын 20 жылда бир жолу кайталануучу парадын көрүүгө болот. Таңкы асманда Күн системасынын алты планетасы – Меркурий, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун тизилет. Бул тууралуу StarWalk жазды.
Планеталардын төртөөнү: Меркурий, Марс, Юпитер, Сатурнду көз менен эле көрүүгө болот, ал эми Уран менен Нептунду көрүү үчүн атайын оптика – телескоп же күчтүү дүрбү керектелет.