6-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-июнга караган түнү Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30,

Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус ысык болот.

Related posts

Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды

admin

Кемпир -Абад маселесин Ыргал Кадыралиева чечеби?

admin

«Талас бригадасы» уюшкан тобунун мүчөсү «Темке» кармалды

admin

Комментарий