Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда түз авиакаттам боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

10-июндан тартып 12-июнга чейинки мезгилде Малайзиянын авиациялык бийлиги, ири авиакомпаниялардын жетекчилери, ошондой эле Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунун өкүлдөрү менен делегациянын жолугушуулары пландаштырылган.

10-июнда Малайзиянын транспорт министрлигинин авиация департаментинин директорунун орун басары Х.Халил жана Малайзиянын Жарандык авиация башкармалыгынын директорунун башкы жардамчысы А.Хитам менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын делегациясы Кыргызстанда жарандык авиациянын өнүгүшү жөнүндө кеңири презентация жасап, малайзиялык авиакомпанияларга Бишкекти транзиттик пункт катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген бешинчи даражадагы аба эркиндиги бериле тургандыгын ырастады, ошондой эле Малайзия тарапка өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Малайзия тарап ата-мекендик авиакомпанияларын эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы жүргүнчү жана жүк ташуучу авиакаттамдарды ишке ашыра турган ата-мекендик авиакомпаниялардын демилгелерин толугу менен колдой тургандыгын ырастады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы аба каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү макулдашышты.

Делегациянын иш сапары Малайзиянын премьер-министри А.Ибрагимдин 15-16-майдагы Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өтүүдө.

Related posts

«Ар бир үй-бүлөдө 5-6 бала болушу керек». Ташиев бала бакчанын ачылышында келиндерге кайрылды

admin

АКШлык эксперт: Трамп Россияны коркутканы менен таасир этчү эч куралы жок

admin

Активисттер Али Шабдан менен Атай Бейшенбек камакта калды

admin

Комментарий