Эртең Бишкектин Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында Байтик баатыр жана И.Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Эртең, 13-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн О.Медеров жана М.Горький көчөлөрү менен чектелген бөлүгү жабылат. Ал эми И.Ахунбаев көчөсүнүн А.Малдыбаев жана К.Тыныстанов менен чектелген бөлүгүндө 15-июндан тарта унаа кыймылы үчүн чектөө коюлуп, жол оңдоо башталат.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн А.Токомбаевден А.Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына асфальттын экинчи катмары басылууда. А.Сүйөркулов жана О.Медеров көчөсү менен чектелген аралыкта асфальт басууга даярдык жумуштары жасалууда. Ал эми И.Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматовдон А.Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. А. Токтоналиевден А.Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда.

Аталган эки көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.

Related posts

УКМК: Сүлүктү шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 36,5 сотых ден соолукту чыңдоочу жай өз ыктыяры менен мамлекеттик менчикке кайтарылды

admin

Жер титирөөдөн улам Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна тоо боорунан топурак, таштар кулады

admin

Бишкекте жаңы спорт комплекси салынат

admin

Комментарий