Депутат Ташиев: «Судьялар кыргыз тилин билиши керек жана туугандары соттолгон болбошу керек»

12-июнда Жогорку Кеңеште депутат Шаирбек Ташиев демилгелеген мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

«Судьялар кыргыз тилин билиши керек жана туугандары соттолгон болбошу керек. Сот адилеттигин ишке ашыруу катары судьялар өтө маанилүү жана жооптуу функцияны аткарып жатканын эске алуу менен аларга өзгөчө күчөтүлгөн талаптар коюлушу керек. Сунушталган мыйзам долбоору ишке ашкан күндөн тартып, буга чейин шайланып иштеп жаткандар судьялар эмес, судьялык кызматка талапкерлерге гана тиешелүү болот», — деди депутат.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алышты. Буга чейин конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Related posts

Президент Кадамжайдагы кыздын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды

admin

Караколдогу төрөт үйүндө 23 жаштагы келин каза болду

admin

Жалал-Абадда өзүн «положенец» деп атаган шектүү кармалды

admin

Комментарий