Ташиев милициянын кайгуул кызматкерине акчалай сыйлык берди  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кайгуул милициясынын кызматкерин сыйлады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев таңкы саат 05:30дар чамасында жумушка келип жатып, Бишкек шаарынын ички жолдорунун биринде өзүнүн кызматтык милдеттерин жалгыз өзү аткарып жаткан Милициянын кайгуул кызматкерин көргөн жана жүргөн жолунда андан башка патрулдук милиция кызматкери иштеп жаткан учур болгон эмес.

Камчыбек Ташиев кайгуул милиция кызматкеринин таң эртеден өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканын баалап, ага белек жана акчалай сыйлык тапшырды. Кызматкер Бишкек ШИИБнин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кенже инспектору, милициянын сержанты Көлбаев Амангелди Көлбаевич аттуу жаш кызматкер болуп, ал УКМК төрагасынын кабыл алуусуна чакырылды.

Белек жана сыйлык тапшырып жатып, Камчыбек Ташиев: «Ар бир мамлекеттик кызматкер Кыргызстан үчүн берилгендик менен, ар бир саатын кызмат үчүн арнап, талыкпай эмгек кылууга милдеттүү…», — деп белгиледи.

Кайгуул милиция кызматкеринин жумушуна ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы кызматын сүйүп, милдетин так аткаруусуна тилектештигин билдирип, 100 миңсом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана белек тапшырды.

Related posts

Билим берүү системасындагы коррупция. УКМК мектеп директорлоруна кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти

admin

Өзгөндө жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

admin

Кар жаайт. 7-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий