Миң-Кушта калдык ташып бара жаткан “Howo” унаасынын кырсыгы. ӨКМдин чыгарылышы

1-июнь күнү Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылындагы “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайынан “Дальнее” калдык сактоочу жайына калдык ташып бара жаткан “Howo” адистештирилген унаасы саат 14:15 чамасында Миң-Куш суусундагы көпүрөдөн жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

«Уран калдыгы дарыяга түшкөнбү? Түшсө кандай кооптуулукту жаратат?» жана башка суроолорго жооп берүү максатында ӨКМ тиешелүү адистердин, жергиликтүү тургандардын пикирин чагылдырган атайын чыгарылышты жарыялады.

Миӊ-Куш айылындагы “Дальнее” калдык сактоочу жайынын сыйымдуулугу кеңейтилип, “Талды-Булак” калдык сактоочу жайы көчүрүлгөн. Ал эми “Как” калдык сактоочу жайы ордунда рекультивацияланган.

Учурда “Туюк-Суудагы” зыяндуу калдык “Дальнее” калдык сактоочу жайына көчүрүлүүдө. Жыл аягына чейин рекультивациялык жумуштар толугу менен бүтөрү мерчемделген.

Эгерде тазаланбаса кандай кооптуулук жаралат?

“Туюк-Суу” калдык сактоочу жайынын айланасында жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар. Мында жер көчкү жүрүп кетсе, Туюк-Суу дарыясынын нугу жабылып, суунун деңгээли калдык сактоочу жайды жууйт. Ал эми ууланган суу Көкөмеренден Нарын дарыясына өтүп, андан соң Сыр дарыяга куюп, чек аралык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жаратышы мүмкүн. Андыктан Миң-Куштагы калдык сактоочу жайларды зыянсыздандырып, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян алып келүүчү факторлорду жоюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Related posts

УКМК: Ала-Бука районунда коррупция боюнча айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

admin

КР УКМК: Жарандардан системалуу түрдө опузалап акча талап кылган КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери кармалды

admin

Таластын Жон-Арык айылындагы сарай толугу менен өрттөндү

admin

Комментарий