Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-июнда Брюсселге (Бельгия Королдугу) иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын борту Брюссель шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Европа тышкы аракеттер кызматынын Орусия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девинье тосуп алды. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын королу Филипп менен жолугушат. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу болот, ошондой эле эки тараптуу биргелешкен документтерге кол коюлат.

Related posts

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 2 айдоочу каза болду. 9 адам ооруканада

admin

Садыр Жапаров ЖЭБдеги өрттөн күйүк алгандарга барды

admin

Энергетика министринин пресс-катчысы жалган маалымат тараткан Эмилбек Каптагаевди Жыргалаңга чакырды 

admin

Комментарий