Кара-Көл шаарынын тургуну 2002-жылы туулган Салымбаев Ырыскелди Медербекович 18-май күнү Кара-Көл шаарында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.
Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, кашы, көзү, чачы кара, кара тору жүздүү, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү кроссовки болгон.
Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, милиция төмөндөгү номер аркылуу кабарлоону суранат: 102, (03746) 5-12-00, 0708 39 01 39.