Баткен-Ош жолу жабылды

«ӨКМ эскертет: Баткен-Ош жолу (Ош-Раззаковдун 63 чакырымындагы каттам үзүлдү). Жүргүнчүлөр убактылуу жолго чыкпай тургула». Мындай билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жарыялады.

Өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгырга байланыштуу көпчүлүк аймактарда сел жүрүп, калыбына келтирүү иштери уланууда. Тазалоо иштери учурунда бүгүн, 30-июнь күнү саат 20:40тар чамасында Ош-Раззаков жолунун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү кулап түшүп, жол каттамы эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Ош-Раззаков унаа жолундагы 63-чакырымында жайгашкан авариялык эски авариялык көпүрөгө катуу сел келгендигине байланыштуу, көпүрө кулап калды, жанындагы айланма көпүрөнүн үстүнөн катуу суу аккандыгына байланыштуу каттам токтотулду. Кулаган көпүрөдөн жабыркаган адамдар, техникалар жок. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Селдин катуу келип жаткандыгын алдын ала угуп техника каттамдарды жана жөө өтүүчүлөр убагында токтотулган. Учурда бардык күч ошол жакка жөнөтүлдү, облус жетекчиси Эльчибек Джантаев координация иштерин жүргүзүүдө.

Related posts

Актер Азиз Мурадиллаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. 

admin

Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду

admin

Камчыбек Ташиевге кол салуу болгондугу тууралуу маалымат фейк экени маалымдалды

admin

Комментарий