Июль айындагы аба ырайынын болжолу

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, өлкөнүн аймагында июль айындагы абанын орточо температурасы, жаан-чачындын көлөмү климаттык норманын чегинде болот.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 11…16° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейин, күндүз 24…29° жылуулуктан 34…39° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 4…9° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, күндүз 18…23° жылуулуктан 27…32° жылуулукка чейин жетет.

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 5…10° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин, күндүз 22…27° жылуулуктан 31…36° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 12…17° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейин, күндүз 24…29° жылуулуктан 34…39° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 9…14° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин, күндүз 22…27° жылуулуктан 32…37° жылуулукка чейин өзгөрүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 12…17° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейин, күндүз 24…29° жылуулуктан 34…39° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 9…14° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин, күндүз 22…27° жылуулуктан 32…37° жылуулукка чейин жетет.

Токтогул районунда түнкүсүн 8…13° жылуулуктан 17…22° жылуулукка чейин, күндүз 22…27° жылуулуктан 32…37° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 12…17° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейин, күндүз 24…29° жылуулуктан 34…39° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 9…14° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин, күндүз 22…27° жылуулуктан 32…37° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан 15…20° жылуулукка чейин,, күндүз 17…22° жылуулуктан 27…32° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуулуктан 12…17° жылуулукка чейин, күндүз 17…22° жылуулуктан 27…32° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Алай өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -2° суук…+3° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин, күндүз 9…14° жылуулуктан 18…23° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Чаткал өрөөнүндө абанын температурасы 2…7° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин, күндүз 15…20° жылуулуктан 24…29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн 1…6° жылуулуктун тегерегинде болуп, күндүз 15…20° жылуулуктан 23…28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Related posts

Депутаттардан акча опузалоого шектелип «Мир24.kg» порталынын директору кармалды

admin

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга келди

admin

Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына келди 

admin

Комментарий