Жалал-Абадда суусундук саткан жайда газ баллон жарылып, бир кыз көз жумду

Жалал-Абад шаарында суусундук саткан жайда газ баллон жарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгери Икрам Вариванов мекеменин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Кырсык бүгүн, 13-июлда, эртең менен саат 10дор чамасында болгон.
«Бүгүн эртең менен Тез жардам кызматына шаардын борборунда газ баллон жарылды, даяр тургула деген чалуу түштү. Беш мүнөттөн кийин эле бейтаптар түшө баштады. Биринчи 20-25 жаштагы азиат улутундагы кыздын сөөгү келди. Анын артынан кырсык болгон жерге жакын жайгашкан банктын күзөтчүсүн алып келишти. Күзөтчүнүн мээси чайкалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми кыздын сөөгүн моргго өткөрүп бердик», — деди Вариванов.
Ооруканага күзөтчүдөн тышкары дагы үч адам түшкөн.

Related posts

«Кыргызча оңой». Глава комиссии по госязыку рассказал о мобильном приложении, через которое можно изучить кыргызский

admin

Financial Gravity Hosts AI Design Challenge For Tax Planning Software

admin

The Wirecutter’s Best Deals: Save $50 on Apple’s 10.5-inch iPad Pro

admin

Комментарий