Бир кыздын өмүрүн алган тез татымдагы жарылуу. Жалал-Абадда үч киши кармалды

Жарылуудан адам каза болгон тез татым түйүнүн мыйзамсыз орнотуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, калаа мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги менен айрым кызматкерлери муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришкени аныкталган.

«Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору И.К.Б., инспектор А.Т.А., түйүндүн ээси М.З.А. кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуяга жооптуу башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө, ошондой эле тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү фактыларын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Related posts

Садыр Жапаров «Эркечтам» өткөрмө пунктун модернизациялоону тапшырды

admin

УКМК кызматкерлери КР Улуттук коопсуздук органынын ардагери Намазов Шаимбек Намазовичти 95 жылдык мааракеси менен куттукташты

admin

Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды

admin

Комментарий